Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК УЮМДАР – эларалык келишимдердин (уставдын, статуттун же башка уюштуруучу документтин) негизинде түзүлгөн өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес мүнөздөгү туруктуу институттар. Э. у. үчүн: түзүмүн жөнгө салуучу уюмдаштыруучу, уюмдун ишмердигинин негизги максаттарын жана багыттарын аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин туруктуу же такай мүнөзүн аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин негизги усулу катары көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана маселелерди талкуулоону пайдалануусу; чечимдерди добуш берүү же консенсус жолу менен кабыл алуусу мүнөздүү. Өкмөттөр аралык Э. у. жана өкмөттүк эмес Э. у., ошондой эле бүткүл дүйнөлүк жана аймактык болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК УЮМДАРДЫН УКУГУ – мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) уюмдардын юридикалык статусун, аларга мүчө болуунун шарттарын, ыйгарым укуктарынын көлөмүн жана мүнөзүн, алардын органдарынын түзүмүн жана ишмердиктеринин процесстик аспектилерин, ошондой эле алар кабыл алган ченемдик актылардын юридикалык күчүн аныктоочу эларалык-укуктук принциптер менен ченемдердин жыйындысы. Бирдиктүү кодификациялоочу документ жок болгондуктан мамлекеттер аралык уюмдаштык түзүмдөрүнүн (уюмдардын жана органдардын) ишмердиктеринин маселелери алардын уюмдаштыруу актылары – уставдары, статуттары ж. б. у. с. менен жөнгө салынат. Мындай баардык түзүмдөрдүн кызыкдар мамлекеттер менен болгон өзара мамилелери универсалдык мүнөздөгү эларалык уюмдар менен мамилелерде мамлекеттердин мүдөөсүн билдирүү жөнүндөгү 1975-жылдагы Вена конвенциясы менен да тастыкталат. Кээбир учурларда түзүү актысы катары көп тараптуу эларалык келишимдер колдонулат, м.: Бүткүл дүйнөлүк метереологиялык уюм жөнүндө 1947-жылдагы конвенция жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзгөн 1967-жылдагы конвенция.